Редакцияот 26.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги VII сессиясы 

 

2017-жылдын 26-майы №02

ИСКАКБ “Таза суунун” жетекчиси С.Токоналиев жөнүндө

 

Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы айыл аймагындагы ИСКАКБ “Таза суунун” жетекчиси С.Токоналиев тууралуу маселени карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Берилген чакырууга карабастан сессияга даярдыксыз, маалыматы жок келгендигине байланыштуу ИСКАКБ “Таза суунун” жетекчиси Токоналиев Саадабайга эскертүү берилсин.

2. Кийинки сессияга бардык маалыматтар менен даярданып келүү жагы милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Н. Шадыбеков