Редакцияот 14.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 14-февралы №4

Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө

 

Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын он экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 109139 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 109139 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 74000 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

- Айылдын ички көчөлөрүндөгү арыктарды тазалоого 30000 сом;

- Айыл өкмөтүндөгү экскаваторду камсыздандыруу 16800 сом ;

- Ар кандай чыгымдарга 27200 сом.

Балдар бакчасынын 3112 статьясына 35139 сом бөлүнсүн.

3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Т. Койчубаев