Редакцияот 13.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2018-жылдын 13-марты №4

Ветеринардык тейлөө сервисин курууга жер тилкесин бекитүү жөнүндө

 

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он үчүнчү сессиясы, ветеринардык тейлөө сервисин куруу үчүн жер тилкесин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ветеринардык сервис куруу үчүн эски мончонун ордун, пилораманын (түштүк жагынан) 700 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Ветеринардык сервис курулуп бүткөндөн кийин айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

3. Миң-Булак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 16-сентябрындагы №2-токтому жокко чыгарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчыс Ж.Ормотоевге жүктөлсүн.

Тѳрага

Т. Койчубаев