КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX сессиясы
2016-жылдын 21-сентябры №29/8
Катран жана Козу-Баглан айылынын жашоочуларынын кайрылуусун канааттандыруу жөнүндө
Катраң айылына жана кыргыз коомуна эмгеги синген төкмө акын, санжырачы жана коомдук ишмер маркум Саттаров Сабыт Рахматиллаевичтин ысымын Катран айылдык маданият үйүнө коюуп берүү жөнүндөгү Катран жана Козу-Баглан айылынын жашоочуларынын кайрылуусун карап Катран айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айылдык маданият үйү кыргыз коомчулугуна эмгеги сиңген төкмө акын, санжырачы жана коомдук ишмер маркум Саттаров Сабыт атындагы Катран маданият үйү деп аталсын.
2. Маданият үйүнүн атын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана бүткөрүү жагы Катраң айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын
Тѳрага | Акматов А. |
|
|