Редакцияот 02.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясы

 

2017-жылдын 02-августу №27/25

Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Уч-Коргон айыл аймагынын Талас- Тараз трассасынын жол жээгиндеги жаңы типтеги жол белгилерин коюу жөнүндө талкууга салып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жол коопсуздугун эске алуу максатында , Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Талас- Тараз трассасында жайгашкан  Чоң-Капка, Кызыл-Жылдыз , Кеңеш айылдарына жаңы типтеги жол белгилерин жана айыл аталыштарын жаңыртууга,  , Өнүктүрүү фондусунан долбоорду ишке ашырууга  123,510 миң сом каражат өндүрүү жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

2.    Токтомдун Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Акматовго милдеттендирилси

3.    Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Тѳрага

М. Уметалиев