Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты №2
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын кезектеги VII –сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн Уставын карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Боо-Терек айыл өкмөтүнүн Уставы толугу менен бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам..
Тѳрага | Э. Бейшебаев |
|
|
| Талас облусунун Бакай-Ата райоунун Боо-Терек айылдык аймактык кенешинин 2017-жылдын 22-мартындагы №2 токтому менен «БЕКИТИЛДИ»
|
Талас облусунун Бакай-Ата районунун
Боо-Терек айылдык аймагынын
«Боо-Терек айыл өкмөтү» мекемесинин
I. Жалпы жоболор
1. «Талас облуснунБакай-Ата районунунрайонунун Боо-Терекайылдык аймагынын «Боо-Терекайылөкмөтү» мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кенештинчечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчет берет.
4. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
Ø мыйзамдуулуктун;
Ø тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчеттуулуктун;
Ø жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;
Ø социалдык акыйкаттуулуктун;
Ø маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуунун;
Ø жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун;