ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаувай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 21-январы №2/5
Чаувай айыл аймагына кошумча салык жыйымдарын киргизүү жөнүндө
Чаувай айылдык Кеңешинин кезектеги чакырылган 2-сессиясынын кун тартибиндеги төртүнчү маселени карап чыгып, талкуулап Чаувай айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 189- статьясындагы калк жашаган пункттардын аймагынан таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйымы киргизилсин. Жыйымдын өлчөмү 50 сомдон болуп белгиленсин.
2. Чаувай айыл аймагынын аймагында киргизилген жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын өз убагында өндүрүлүп,бюджеттин киреши бөлүгүнө чегерилишин жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын салык боюнча адиси С.Шамшиевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Тешебаев |
|
|