Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-февралы №12/4
Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевдин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И. Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 8-февралындагы кезектеги XII сессиясынын №12/4 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаарынын 2017-жылдын ичинде социалдык-экономикалык жактан
өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча
МААЛЫМАТТАР
2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынын “Ыйман, адеп жана Маданият” жылы деп жарыяланган. Бул иш чаранын негизинде Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
2017-жылдын ичинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды. Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 2017-жылдын 20-февралындагы №3/2- токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2017-жылга карата өнүгүү программасына киргизилген иш-чаралар боюнча төмөнкү жумуштар аткарылды:
Исфана шаар мэриясынын иш-кагаздары жана
уюштуруу иштери боюнча:
Исфана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине тиешелүү болгон иш кагаздары жыл ичинде номенклатуранын негизинде жүргүзүлдү, шаар мэриясынын календардык иш планынын долбоору иштелип чыгылды жана бекиттирилди, аткарылышы көзөмөлгө алынды
Нормативдик укуктук документацияларынын сакталышы системалаштырылды жана тиешелүү кагаздар менен өз убагында камсыздоо иштери такай алынып барылды.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттери менен биргеликте көчөлөрүндүн аттары, үйлөрдүн номерлери такталып, мамлекеттик каттоого тапшырылды. Участкалык шайлоо комиссиялардын материалдык-техникалык жактан камсыз кылынып, шайлоо 2017-жылдын 15-октябрь күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү, кемчиликтер боюнча кайрылуулар болгон жок.
Жарандарды каттоо, каттоодон чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүлдү, жарандарды маалымдамалар менен камсыздоо “Бирдиктүү терезе” аркылуу жүргүзүү системалаштырылды.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөт боюнча Исфана шаар мэриясынын 2011-2015-жылдар боюнча чарба китептери жана Исфана шаар мэриясы тарабынан 2011-жылы кабыл алынган токтомдор жана чыгарылган буйруктар архивге акт аркылуу тапшырылды, сын-пикир болгон жок.
Исфана шаар мэриясынын дээрлик бардык иш чаралары аппарат жетекчисинин көзөмөлүнөн өткөрүлдү. Тиешелүү комиссиялардын иштери уюштурулду, а.и. 4 жолу конкурстук комиссиянын отуруму өткөрүлүп, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын башчысы, ушул эле ишкананын башкы эсепчиси, шаар мэриясынын юристи, уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адистери, муниципалдык менчик ишканасынын башкы эсепчиси бош кызмат орундарына кызматкерлер тиешелүү жетекчиликке сунушталып, алар бүгүнкү күндү иштеп жатышат.
Структурага ылайык кызматкерлерди баалоо иштери жүргүзүлдү.