Редакцияот 29.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышы кезектеги X сессиясы

 

2017-жылдын 29-декабры № 10/8

Нарын райондук мамлекеттик салык инспекциясынын 20-декабрь 2017-жылдагы чыгыш №038117/05/1540 катын кароо жөнүндө

Жогорудагы аталган катты угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү короо-сарайлардын орду айыл чарба багытындагы эмес жерлерге кирбегендиктен, Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча эсептөө палатасынын 01.01.2015-жылдан 31.12.2016-жылга чейинки өндүрүүгө койгон 64 300 сом акча каражаты өндүрүүгө жатпагандыгы белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков