Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 16-февралы № 41/11
“Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2018-ж жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө”
Маселе айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 251,000 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 191,396 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
2. 2018-жылга Жазы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 251,000 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер эмгек акы, социалдык фондко чегерүү сунушталсын.
4. Казына системасын четтен өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык Кеңешинин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрагасы | Ж.Акматов
|