Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 16-февралы № 42/11
«Жазы айылдык Кеңешинини 2018-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитүү жөнүндө”
Жазы айылдык Кеңешинини 2018-жылга карата
түзүлгөн иш-планы бекитүү жөнүндө Жазы
айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Жазы айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш-планы бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
төрагасы | Ж.Акматов |
Жазы айыл Кеңешинин 2018-жылдын
16-февралындагы № 42\11 токтомуна тиркеме
Жазы айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-планы
№ | Каралуучу маселелердин мазмууну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык –экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету |
1-квартал | Айыл өкмөтүнүн аппараты , туруктуу комиссиялар |
2 | Жазы айыл окмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы |
| Бюджет экономика,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы |
3 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин кароо | 2 квартал | Айыл-чарба,энергетика курулуш,соода, транспорт боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Мектептердин жүргузүп жаткан иштери жана билим сапатынын деңгээли |
| Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо,билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссия |
5 | Жазгы талаа жумуштарына даярдык,жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча аткарылган иштер |
3-квартал | Айыл-чарба,энергетика,курулуш,соода, транспорт боюнча туруктуу комиссиясы |
6 | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу |
| Жаштар саясаты, спорт маданият боюнча туруктуу комиссия |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2018-жылдагы №74 токтому “Жаңы доорго кырк кадам”программасынын | 4-квартал | Социалдык маселелер,саламаттыкты сактоо,билимберүү,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы |
8 | Жазы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү 2020-2022-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө |
| Бюджет экономика,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы
|
9 | Жыл ичинде кабыл алынган токтомдордун аткарылышы |
| Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы |
Жазы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы М.Акжолова