Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 16-февралы № 44/11
“Жазы айыл өкмөтүнүн Уч-Көчө участкасындагы Исманов Азаматтын жеке менчик жер участогуна түзүлгөн шаар куруу түйүнүн бекитип берүү жөнүндө”
Жазы айыл өкмөтүнүн Уч-Көчө участкасындагы Исманов Азаматтын элди тейлөө максатында менчик жер участогуна Кыргыз илим изилдөө архитектура жана шаар куруу долбоорлоо институнун Оштогу филиялы тарабынан түзүлгөн шааркуруу түйүнү (градоузел) бекитип берүү боюнча арызынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл өкмөтүнүн Уч-Көчө участкасындагы Исманов Азаматтын элди тейлөө максатында 120,0 кв.м менчик жер участогуна Кыргыз илим изилдөө архитектура жана шаар куруу долбоорлоо институнун Оштогу филиялы тарабынан түзүлгөн шифр № 3097 шаар куруу түйүнү бекитилип берилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы (Н.Абдыкаримов) курулуш иштерине тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияяга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Балтабаевге милдеттендирилсин
төрагасы | Ж.Акматов |