Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 16-февралы № 45/11
«Жазы айыл өкмөтүнүн күн чыгыш тарабынын вет.сервистин канторасын куруу жана Демик участкасына раскол куруу боюнча»
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаевдин жана Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын адиси Т.Молдалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Жазы айыл өкмөтүнүн кеңсесинин (конторасынын) күн чыгыш тарабында Яссы совхоз учурунда көрнөк, жарнактар илинүүчү жер тилкеси учурда бош жатат, ошол жерге вет. сервистин канторасын курууга жана Демик участкасынан жылкыларга чип тагуу үчүн раскол курууга жер тилкеси бөлүп берүү жана ген. планга киргизүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Жээренчи айылына караштуу Атамкул каналынын күн чыгыш тарабындагы айыл чарбасына жараксыз бош жаткан 0,10га жер тилкесинин 0,02га жер тилкеси мал чарбасын өнүктүрүү үчүн вет. аптека, вет. пункт курууга калган 0,08 га жер тилкеси турак жай курууга ген. планы бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын, жер турак жай коминикация боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаевге жүктөлсүн.
төрагасы | Ж.Акматов |