Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11- апрели № 11\ 1
“Будалык айыл өкмөтүнө караштуу китепканалардын аткарып жаткан иштери жана калкты маданий жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө”
Китепканалардын калкка кызмат көрсөтүүсү жана аткарып жаткан иштерин карап чыгып, жана талкуулап
Будалык айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2016-2017-жылдарда №11 Октябрь жана №12 Кара Суу китепканаларында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканы белгиленсин. (тиркелет)
2. 2017-жыл Кыргыз Республикасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата калк арасында “Улуу Мурас” оюн зоок программасын уюштуруп, райондук денгээлде женүүчү болгондугу белгиленсин.
3. №12 Кара Суу китепканасына электр зымдарын тартып, электр энергиясын киргизип берүү жагы каралсын
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берген акча каражаттарын мыйзамдуу пайдалануусуна көнүл бурулсун.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айылдык Кенешини депутаты А.Топчуеванын
Б И Л Д И Р Ү Ү С Ү:
№11 Октябрь айылдык китепканасы:
Китеп фонду: 6526
Кыргыз тилинде: 5169
Орус тил: 1352
Ангилис тилинде 5
Тармактарга карай бөлүнүшү :
Көркөм адабияттар; 4850
Техника айыл чарбасы; 345
Коомдук саясий; 283
Илимий табият таануу; 448
Токой чарба, экономика 600
Китеп окурмандардын жалпы суролоруна жооп берүү менен бирге фондуга түшкөн жаңы адабияттарды берилген тапшырмаларды өз убагында чагылдыруу жүргүзүлүп турат.
Ушулар менен биргеликте даталуу күндөргө карата иш-чаралар аткарылып, турат. Акын жазуучулардын юбилейлерине, эл аралык майрамдарга карата көргөзмөлөр, ар кандай тегерек отурумдар, обзор китеп көргөзмөлөр, пака уюштуруулар, жолугушуу кечелер, баяндама конкурстар өткөрүлүп турат. Ар жыл ичинде китеп фонду китеп окурмандар демөөрчүлөр жана борбордук китепкананын комплекстөө бөлүмү аркылуу толукталып турат.
2016-2017-жыл ичинде демөөрчү С.Бөрүбаев тарабынан 5-китеп, Ош обл китептен 23, областык мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунан 10 китеп айыл өкмөтү тарабынан эниклапедиялар алынып берилди.
Азыркы замандын талабына ылайык окурман жаны адабий китептерге болгон талапты күч, жаңы китептер менен камсыз кылуу зарыл.
№12 Кара-Суу айылдык китепканасы китеп окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө карап тейлөөнүн түрдүү ыкмаларын колдонуу менен алгылыктуу иш жүргүзүп жатат.«Кел жаңы жыл келе кой бизге бакыт бере кой» деген аталышта мектеп окуучулар, мугалимдер, ата-энелер жана китепканачы менен биргеликте Ж.Кыпыева атындагы орто мектебинде уюштурулган. «Ыйман, Адеп жана Маданият» жылына карата уюштурулган попканын ичинде жалпы эле кыргыздын салт санаалары, адептүүлүктөрү, ыймандуулуктары камтылган. Мисалы: Адептүүлүк деген адамдардын жүрүм туруму адамдарга жасаган мамлесин сылыктык ыймандуулук, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо көптөгөн ж.б сапаттары болуп эсептелет. Нооруз майрамына карата «Нооруз тирүлүктүн төрөлгөн күнү» деген темада Будалык айыл өкмөтүнүн имаратында, мунципалдык кызматкерлер, китепканачылар, мектептин мугалимдери жана жалпы айыл тургундары менен биргеликте концерттик программа болуп өттү.
Көйгөйлүү маселелер: №11 Октябрь айылдык китепканасы электр энергиясы менен жылытылат ремонту жакшы китеп сактоочу залды желдетип туруу керек.
№12 Кара-Суу китепканасында электр энергиясы жок экен бир аз ремонтту талап кылат.Кышында көмүр менен жылытылат ага айыл өкмөтү тарабынан каралып берилет.Көмүр сактоочу жай жок.
Будалык айылдык кенештин депутаты | А.Топчуева |