Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11- апрели № 11\ 4
“Алай районунун борбору болгон Гүлчө айылындагы Алымбек Датка “эс алуу” багына Будалык айылында мурда иштеген атуулдар Сейитбекова Анипа жана Мамытова Жумагүлдүн сүрөттөрүн илип, маалымат такта даярдоо жөнүндө”
Алай районунун борбору болгон Гүлчө айылындагы Алымбек Датка “эс алуу” багына Будалык айылында мурда иштеген атуулдар Сейитбекова Анипа жана Мамытова Жумагүлдүн сүрөттөрүн илип, маалымат такта даярдап берүү жөнундөгү атуулдардын балдарынын кайрылуу катын карап чыгып жана талкуулап,
Будалык айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасында “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыяландыктан жаштарга “үлгү” боло турган тарыхта өз орду бар инсандар такталсын.
2. Алай районунун борбору болгон Гүлчө айылындагы Алымбек Датка “эс алуу” багына Будалык айылында мурда иштеген атуулдар Сейитбекова Анипа жана Мамытова Жумагүлдүн сүрөттөрүн илип, маалымат тактанын ордун көрсөтүп берүү жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысынан суралсын.
3. Маалымат тактаны даярдоого кеткен акча каражаты инсандардын уул кыздарынын демөөрчүлүгү менен каржылансын.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Осмонованын
Б И Л Д И Р ҮҮ С Ү:
Урматту депутаттар! Сиздерге Сейитбекова Анипа чон энебиздин балдарынын сураныч катын толук окуп берейин Сиздер макул болсонуздар. Буга кеткен каржы маселерин толук өздөрү каржылашат.
Сураныч кат
Биздин апабыз Сейитбекова Будалык айылында 1940-50-жылдарда алгачкы агартуучу-мугалим болуп эмгектенип, билим берүү тармагына зор салымын кошкон.Алгачкылардан болуп коммунисттик партиянын катарына кабыл алынат.Аялдардан чыккан өзгөчө билимдүү,активист,уюштургуч кадр катары Будалык селолук советинин председателдигине дайындалып,көп жыл үзүрлүү эмгектенип,өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүүсү үчүн аракетин жумшаган.Сейитбекова Анипа апабыздын көп жылдык советтик-партиялык кызматын,өрнөктүү өмүрүн эске алып,татыктуу тарыхый инсан катары Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы Алымбек жана Курманжан даткалар эс алуу багына сүрөт-портретин коюу чечимин чыгарып берүүнүздү суранабыз.Ал 1924-жылы Кыргызстандын Ош областына караштуу Алай районундагы Жошолу айылында пролетарчыл инсандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.Жети бир туугандын улуусу болгондуктан жаштайынан эле камкор,эмгекчил,боорукер болуп чоңойгон.1930-жылдардан кийин өзүнүн айылындагы мектептен окуп,жети жылдык билимди эң жакшы өздөштүргөн.Ал кездеги мугалимдердин жетишсиздигинен аракетчил,зирек кыздын келечекке умтулган бай дүйнөсүн баамдаган жетекчилик мектеп мугалими кылып дайындайт.Андан кийин элди сабаттуулукка үндөп,маалыматтар менен камсыздоо багытында бир нече жыл китепканачы болуп иштеген.Уй-бүлөсүнүн колдоосуна,эл ишенимине улам ээ болуп жаткан бул айым бир нече жолу айылдык,райондук Советтердин депутаттыгына шайланган.1954-жылы Москва шаарында өткөн Аялдардын Союздук жыйынына Алай районуна делегат болуп катышкан.Турмуштук, ишмердүүлүк сыноо баскычтарынан өткөн бул инсан 1962-жылы Алай районундагы Будалык селолук Советинин биринчи аял председатели болуп дайындалат.Мындай жогорку кызмат ага дагы чоң жоопкерчиликти жүктөдү.Будалык айыл элинин жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн өз коллегаларын туура багыттап,жолдорду салуу,мектептердин,маданий,саламаттыкты сактоо жайларынын шарттарын жакшыртуу,эт,сүт,жүн,тоют ж.б боюнча мамлекеттик план-тапшырмаларды аткаруу сыяктуу көптөгөң жооптуу милдеттер бар болчу.Энекебиз бул кызматта да ыңгайлуу саясат жүргүзүп,уюштуруучулук жөндөмү менен ийгиликтерге жетишип,элинин урмат-сый,алкоосуна ээ болгон
Сиздерди терен урматтап
Уул кыздарынын атынан Сулайманкулова Кенжегүл