Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 13/ 4
«Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасын бекитүү жөнүндө»
Будалык айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “ төрагасы Абдиаким уулу Дайырбектин арызынын негизинде Будалык айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.“Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Абдиаким уулу Дайырбектин турмуш шартына байланыштуу жазган арызынын негизинде бул милдетти аткаруудан бошотулсун.
2. Будалык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн чогулушунун № 3 25.08 2017-жылдагы токтому менен сунушталган Кара Суу айылынын тургуну Ыстамов Автандил убактылуу “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” төрагасы болуп бекитилсин жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтеринин милдетин кошуп аткаруу жүктөлсүн.
3. Бир жылдык төлөмдөрүнүн топтолгон суммасынын эсебинен мыйзам чегинде “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын эмгек акысына берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Кайнама айылы «25» август 2017-жыл
Чогулуштун төрагасы: К.Мурзакулов
Чогулуштун катчысы: С.Эркебаев
Чогулушка Будалык ЖПБ мүчөлөрү 17 адам катышты
Күн тартибиндеги маселе:
Будалык ЖПБнын төрагасын жаңыдан төрага шайлоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча чогулуш башчы К.Мурзакулов жайыт маселелерине токтолуп Будалык ЖПБнын төрагасы Абдаким у Дайирбек өз арызыменен турмуш шартына байланыштуу кетип жатканын билдирди.элди убагында жайыт төлөмдөрүн төлөп турууга чакырды ошондой эле айтып өттү.
Сөз Абдиаким уулу Даирбекке берилди
Мен колумдан келген ЖПБнын ишин алдыга жылдырууга аракеттендим жана турмуш шартыма байланыштуу бул ишти алып баралбайм ошондуктан мени бошотуп оордума Ыстамов Афтандилди сунуш кылып кетемин
Башка сунуштар док болсо анда сөздү А.Ыстамовго берелди
Мен Будалык ЖПбнын төрагасы болуп иштөөгө болгон күч аракетимди жумшайм жана эл үчүн кызмат кылып берем. Бирок менин да турмуш шартым тура келбейт эгерде туруктуу бирөө келсе тапшырып берем аткени менин кесибим музкант болгондуктан, бош учурум болбой калат.
Жарыш сөзгө чыккандар:
Будалык ЖПБ мүчөсү А.Сыдыков ЖПБ нын мүчөлөрү буга чейин эле Абдиаким уулу Даирбек иштегенге шарты жок болуп жатканын укканбыз. Ар бир айылдан сураштырсак иштей тургандар жок экен.
А.Осмонов бул ЖПБнын төрагалык талапкер боло турган талапкер чыкпай жатат элге толук кабарланган.
С.Эркебаев Ыстамов Афтандилге жакшы сөздөрүн айтып ийгилик каалады
Жогорудагылардын негизинде ЖПбнын мүчөлөрү
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Будалык ЖПБнын төрагасы болуп Ыстамов Афтандил бекитилсин.
2. ЖПБнын төрагасы Ыстамов Афтандил жаңы шайланган төрага тиешелүү иш кагаздарын инветарларды жана башка докуметтерди акты менен өткөрүп берүүсү талап кылынсын
3.Бул токтомду бекитип берүү жагы Будалык айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун башчысы: К.Мурзакулов
Чогулуштун катчысы: С.Эркебаев