Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-ноябры № 14/ 3
«АРИС программасынын Жайыттарды колдоо «Долбоордун негизинде сатылып алынган Беларус 892,2
тракторго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө”
Будалык айылдык кенешинин Жайыт пайдалануучулар коомунун АРИСтен кичи проектин алкагында АРИС программасынын Жайыттарды колдоо «Долбоордун негизинде Беларус 892,2 тракторун сатып алынды. Анын жалпы суммасы 2620,000 (эки милион алты жүз жыйрма миң) сом. Ал эми өздүк салым үчүн жогорудагы сумманын 25 %ы 655,000 (алты жүз элик беш) миң сомду түзөт. Өздук салым катары акча каражатты жергиликтүү бюджеттен карап берүү жөнүндө талкуулап, Будалык айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Будалык айыл өкмөтүнүн аймагынын Жайыт пайдалануучулар коомунун Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайыттарынын жолдорун оңдоо түздөө максатында АРИСтин колдоосу менен атайын техника Беларус 892,2 трактору сатылып АРИСтин колдоосу менен алынсын.
2.Беларус 892,2 тракторунун баасы 2620,000 (эки милион алты жүз жыйрма миң) сом болгондуктан, анын 25 % 655,000 (алты жүз элик беш) миң сом өздук салымын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп, которулуп берилсин.
3.Токтомду аткарууну камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык экономикалык маселелер, пландоо, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | С.Рахматов |