Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 17-марты № 21
“Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн арендага берилүүчү жерлеринин ижара акысы жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн арендага берилүүчү жерлеринин ижара акы төлөмдөрү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Арендага берилүүчү ФПСтин жерлери соцфондунан, юридикалык салыктан сырткары чөп ормо жана айдоо аянты 1 га. жерге 500 сом ижара акысы алынсын.
2.Эшик алды 1 сотых жерге 10 сом, өз ара 50 сом бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мисиралиев Замирбекке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |