Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-августу № 34
“2017-жылдын март, апрель айларында жааган жаандын натыйжасында Жаңгакты, Кара-Колот айылдарындагы айыл чарба багытындагы жерлери (кайрак, чөп ормо, сугат) жалпы 45,48 га. жер аянты пайдаланууга жараксыз абалга келгендиктен айыл өкмөтүнүн экспликациясынан чыгаруу жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышынынын) кезексиз отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2017-жылдын март, апрель айларында жааган жаандын натыйжасында Жаңгакты, Кара-Колот айылдарындагы айыл чарба багытындагы жерлери (кайрак, чөп ормо, сугат) жалпы 45,48 га. жер аянты пайдаланууга жараксыз абалга келгендиктен айыл өкмөтүнүн экспликациясынан чыгарылсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап токтомду аткарууга алуу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Беркмаматовго милдеттендирилсин.
3.Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо боюнча башкармалыгынан жалпы 45,48 га. жер аянтын айыл чарба өкмөтүнүн экспликациясынан чыгарып берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |