Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 7/15
“Муниципалдык баня куруу максатында жер аянтын сатып алуу жөнүндө”
Айылдык аймакта бир да муниципалдык баня жоктугуна байланыштуу, жергиликтүү калктын ден соолугуна кам көрүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Муниципалдык баня куруу максатында айылдык аймактын борборуна жакын айылдардан кызыл китеби бар жеке менчик жер ээлеринен 0.20 га жер аянтын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдын негизинде сатып алынган жер аянтына курулган муниципалдык банянын жеке менчикке өтүп кетүүсүнө мөөнөтсүз мароторий жарыялансын..
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Жер жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |