Редакцияот 11.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2018-жылдын 11-январы № 3

“Ак-Сай айыл өкмөтүнүн кеңсесин кайтаруу үчүн кароолчу кызматчысына эмгек акы бөлүп берүү жөнүндө”

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинде кароолчу кызматы жок экендиктен жана айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги инвентарларды кайтаруусун камсыз кылуу максатында, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XIV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имаратын жана кеңсесиндеги инвентарлардын кайтаруусун камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6-раздель ЖКХ статьясынан кароолчу кызматынын эмгек акысына 48000 (кырк сегиз миң) сом акча каражаты берилсин.

2.    Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш-чараларды аткаруу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго тапшырылсын.

3.    Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С.Анаров