Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы

2018-жылдын 2-февралы № 82

“Самаркандей айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча смета киргизүү жөнүндө”

Самаркандей айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдан калган калдыктарды 2018-жылдын бюджетинин I кварталынын чыгаша бөлүгүнө кошумча смета катары киргизүү максатында Самаркандек айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Самаркандек айыл өкмөтүнүн бюджетинин 1-аппарат бөлүгүндө 2017-жылдан калган 493,6 миң сом калдыгы 2018-жылдын 1-вкарталынын чыгаша бөлүгүнүн 2215 беренесине 203,6 миң сом, 9-орто мектептер бөлүгүнүн 3111 беренесине 150,0 миң сом, 9-орто мектептер бөлүгүнүн 3112 беренесине 140,0 миң сом кошумча смета катарында бекитилсин.

2.     Айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсеп (базар) 439,0 миң сом калтыкты 2018-жылдын 2215 беренесине кошумча смета катары бекитилсин.

3.     Айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсеп (балдар бакчасы) 2017-жылдан калган 174,3 миң сом калдык 2018-жылдын 2218 беренесине кошумча смета катары бекитилсин.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кенешинин план бюджет, экономика, финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Пирматов