Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы

2018-жылдын 2-февралы № 83

“Жайыт комитетинин бюджетин, жайыт акысын бекитүү жөнүндө”

Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылдын 30-январында жыйынынын протоколун, жайыт комитетинин бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы жайыт комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү жыйынынын протоколу бекитилсин.
  2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети 173615 (бир жуз жетимиш уч мин алты жуз он беш) сом суммасында бекитилсин.
  3. Жайыт комитетинин жалпы чогулушунун протоколунда белгиленген 2018-жыл учун жайыт акы өлчөмдөрү бекитилсин.
  4. Жайытка канча кун малын бакса жайыт акы өлчомү бир жылдык өлчөмүндө төлөнсүн.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Пирматов