Редакцияот 20.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2016-жылдын 20-июну № 27/4

“Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган №21|10 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө ”

     Лейлек райондук прокуратурасынын 2016-жылдын 15-июнундагы №11-373-16 сандуу каршылык билдирүүсүн талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” мыйзамынын 47-беренесинде “Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” жана 50-беренесинде “Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары” айылдык кеңештин жана анын башчысынын жарандарга,юридикалык жактарга айып пул салуу тарификациясын белгилөө  көрсөтүлбөгөндүгүнө негиз Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган №21|10 сандуу токтому жокко чыгарылсын .

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

Акматов А.