Редакцияот 26.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 26-январы № 1

“Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешесинен ашкан акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”

Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы 1-кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешесинен ашкан акча каражаттарын бөлүштүрүүнү карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Наристе” балдар бакчасынын дорожасын цементөөгө 19260 сом бөлүнүп берилсин.
  2. “Наристе” балдар бакчасына кышкы жылытууга тендерди алып берүүгө 11500 сом бөлүнүп берилсин.
  3. “Балажан” балдар бакчасынына ремонт иштерине 152653 сом бөлүнүп берилсин.
  4. “Балажан” балдар бакчасынын ашкана эмеректерине 74980 сом бөлүнүп берилсин.
  5. Отунбай, Хусей көчөлөрүнө полиэтилен трубасына 153000 миң сом бөлүнүп берилсин.
  6. Лесмаг скважинасын курчоого 32500 сом бөлүнүп берилсин.
  7. Ленин атындагы орто мектебине калориферге 34 860 сом бөлүнүп берилсин.
  8. Канцтоварларга 42 000 сом бөлүнүп берилсин.
  9. Райондук газетага токтомдорду чыгарууга 6000 сом бөлүнүп берилсин.
  10. Кулжабаев Мараттын үйүнүн чатырын оңдоого материалдык жардам катары 20000 сом бөлүнүп берилсин.
  11. Бейшеналиев Жоомарттын уулу автокырсыкка учурагандыгына байланыштуу материалдык жардам катары 30000 сом бөлүнүп берилсин.
  12. Абдылдаев Иметбек декабрь айында Бишкек шаарына грек-рим күрөшү боюнча катышып келүү үчүн 14000 сом бөлүнүп берилсин.
  13. Хусей көчөсүндөгү көмөкчордондун документтерин РЭСтин балансына өткөрүү үчүн 4 200 сом бөлүнүп берилсин.
  14. Жолсай мечитине материалдык жардам катары 20000 сом бөлүнүп берилсин.
  15. Жунусов атындагы орто мектебинин темир чатырынын үстүнөн тартылган кабелди жылдыруу үчүн 24200 сом бөлүнүп берилсин.
  16. Көчөлөрдүн чек арасын тактоо үчүн 20 000 сом бөлүнүп берилсин.
  17. Тойчубек көчөсүнүн столбаларын орнотууга 60 000 сом бөлүнүп берилсин.
  18. Бакай-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесине өздүк салым үчүн 250 000 сом бөлүнүп берилсин.
  19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шадыбеков