Редакцияот 29.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-августу № 51

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX–кезектеги сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Ак-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган “А.Алыбаев “ атындагы кичи футбол аянтчасынын түндүк жагынан пляждык волейбол аянтчасын курууга 0,05 сотых жер бөлүнүп берилсин.

2.Ак-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган “А.Алыбаев “ атындагы кичи футбол аянтчасынын түндүк жагынан пляждык волейбол аянтчасын курууга кошумча бюджеттен 100000 (жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Джумакулов