Редакцияот 29.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-августу № 53

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX–кезектеги сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесин аткаруу максатында муниципалдык ишкананын Уставы бекитилсин, 2018-жылдын 15-мартына чейин түзүлсүн жана түзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамын аткаруу максатында муниципалдык ишкананын аты “Келечек-Ак-Дөбө-Сервис” деп аталсын.

3.Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Джумакулов