Редакцияот 12.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 12-майы № 10

 «Таза Суу «ИСКАКБ «Үч-Кошой» 2017-жылдагы суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө жөнүндө»

Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясынын №12 протоколунун негизинде Осмонкулов айылдык ИСКАКБ «Үч-Кошой» дун жетекчиси Э.Чаловдун ИСКАКБ “Үч-Кошой” боюнча суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө керек экендиги боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    ИСКАКБ “Үч-Кошой” боюнча суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге төмөндөгүдөй айып пул төлөө жагы бекитилсин:

 Суу чоргого:

 Кир жуугандарга 500 сом

 Автоунаа жуугандарга 500 сом

     Люктун ичине уруксаты жок киргендерге 2000 сом

 Огород сугаргандарга 5000 сом

 Суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге 3000 сом

 Суунун баштапкы бөлүмүнө мал киргизгендер:

 Бодо малга 500 сом

      Кой эчкиге 200 сом

 Суу пайдалануудан баш тартып кайра пайдалангандарга 1000 сом

 Суу чоргонун жанынан мал сугаргандарга 1000 сом

2.    Ушул токтомдун негизинде КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин макулдашуу жагы ИСКАКБ “Үч-Кошой” дун жетекчиси Э.Чаловго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айылдык аймагынын коммуналдык менчик боюнча адиси М. Райымбековго жүктөлсүн

 

Төрага

А.Джумаев