Редакцияот 20.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги V сессия

2018-жылдын 20-февралы № 3

«Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.11.2016-ж. кезексиз XXXIX сессиясынын № 5-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин, “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 12.02.2018-жылдагы чыг.№04-02/408-катты Жалал-Абад шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын 10.11.2016-жылдагы кезексиз XXXIX сессиясынын №5-токтомунун 6-пунктунун 1-пунктчасы жокко чыгарылсын.
  2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн тарифтери:

·         жер ижара акысы 1 чарчы метр - 140 сом 1 айына бекитилсин жана кирешени бюджетке түшүрүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (М.Солтоев) милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланып, 2018-жылдын 1 мартынан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Тагаев