Редакцияот 18.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

2017-жылдын 15-декабры № 8

«№ 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө»

 № 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 1, Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 “Наристе” балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү 250 (эки жүз) сом акчага чектелсин. 

 2. № 4 «Наристе» балдар бакчасында көп балалуу,турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген  ата-энелер үчүн төлөм төлөөдө жеңилдиктер берилсин.

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык   кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо   маселелери боюнча  туруктуу  комиссияна милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жамгырчиев А.А