Редакцияот 27.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз YIII сессиясы

2017-жылдын 22-декабры № YIII /III

 «Ача-Кайынды айыл аймагынындагы Ача-Кайынды бала бакчасынын кайрылуусун кароо жөнүндө»

Ача-Кайынды айыл аймагындагы Ача-Кайынды бала бакчасынын директору С.Оморованын 2017-жылдын 29-ноябрындагы кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YIII сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

1.    Ача-Кайынды айыл аймагындагы Ача-Кайынды бала бакчасынын директору С.Оморованын 2017-жылдын 29-ноябрындагы кайрылуусу канааттандырылып 2018-жылга ар түрдүу чыгымдарга каралган акча-каражаты 442,2мин сомго бекитилсин.

2. Бекитилип берилген акча-каражаттар төмөндөгү иштерди аткарууга жумшалсын;

-Балдардын тамагына азык-түлүк алууга 150,0(жүз элүү мин)сом,

-Бала бакчанын ремонт иштерине 20,0(жыйырма мин)сом,

-Бала бакчанын ар түрдүү чыгымдарына 10,0(он мин)сом,

-Бала бакчага көзөмөл камераларын орнотууга 30,0(отуз мин)сом,

-Электро плита алууга 16,0(он алты мин)сом,

-Бала бакчанын суу акысына 10,0(он мин)сом,

-Бала бакчага көмүр алууга 35тн-105,0(Бир жүз беш мин)сом,

-Бала бакчанын электр энергия акысына 101,2(Бир жүз бир мин эки жүз)сом.

Баардыгы: 442,2(төрт жүз кырк эки мин эки жүз)сом.

3.    Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага жана Ача-Кайынды бала бакчасынын директору С.Оморовага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Мурзалиев