Редакцияот 28.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезексиз XXXXX – сессиясы

2016-жылдын 28 - октябры № 230

“Айыл тургундарынын арыздарын кароо”

Айыл тургундарынын арыздарын оозеки кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезекcиз XXXXX- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл тургуну Жунушалиев Шериктин үйү кырсык болуп өрттөнүп кеткендиктен жардам катары айыл өкмөтүнүн атайын эсебинен 50000 сом акча каржатын бөлүп берилсин.
  2. Айылдык Кенештин төрагасынын ден-соолугуна байланыштуу дарылануусуна айыл өкмөтүнүн атайын эсебинен 50000 сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
  3. Айылдагы борбордук мечитке жума намаз күндөрү намаз окулуучу жайды жылытуу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен электр жылыткычы сатылып берилсин.
  1. К.Нанаев атындагы орто мектебине баруучу жолдогу каналга окуучулар өтүүчү көпүрө салууга түзүлгөн сметанын негизинде 2015-жылдын бюджетинен ашкан каражат эсебинен 67000 (алтымыш жети миң) сом акча каржаты бөлүнүп берилсин.
  2. Айылдагы 5 квартал жоюлуп, айыл 2 жамаатка (жогорку жана ылдыйкы жамаатка) бөлүнсүн. Квартал башчылары жамаат башчыларына жардамчысы боюнча калтырылсын.
  3. Айылдагы көкбөрүчүлөр тарабынан айылга райондук деңгээлде көкбөрү оюнун уюштурууга суралган акча каржаты айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен спорт оюндары үчүн каралган акча каржат эсебинен 20000(жыйырма миң) сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
  4. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин

 

Төрага

А.Медетов