Редакцияот 27.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги сегизинчи сессиясы

2018-жылдын 27-январы № 8-4

“Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИСтен экскватор алуу үчүн  өздүк салымга акча каражатын бекитүү жөнүндө”

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИСтен экскватор алуу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү ” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айыл кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына, 18-беренесинин 3-пунктына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.     Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө АРИС тен экскватор алуу үчүн өздүк салымга 2017-жылдын калдык акчасынан 704-91- бөлүм 3112-беренеге 500,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бекитилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев