Редакцияот 27.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(алтынчы шайланган) кезектеги сегизинчи сессиясы

2018-жылдын 27-январы № 8-8

“Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндө”

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 25-октябрындагы жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.     Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюуу жөнүндөгү маселе боюнча өткөрүлгөн 2017-жылдын 25-октябрындагы жалпы жыйындын протоколу бекитилсин.

2.     Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы жаңы көчөгө ардактуу атуул Аттокуров Тейиттин атын коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.     Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К.Назарбаев