Редакцияот 15.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2018-жылдын 15-январы № 9/8

Көк-Жар айыл аймагынын “ Алтын-Тастар булагы”суу пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Исаковдун жана эсепчиси Г. Сакенованын 2016-2017-жылы аткарылган иштеринин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

“Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.

Көк-Жар айыл аймагынын. “Алтын-Тастар булагы“ суу пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 253440 (эки жүз элүү үч миң төрт жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

“Алтын-Тастар булагы “ суу пайдалануучулар бирикмесинин таза сууга болгон тарифи мурунку элдик жыйында кабыл алынган тарифтери өзгөрүүсүз калтырылсын

 

1

Кардарлар

Өлчөө бирдиги

Баасы (сом)

2

Калк үчүн

1м/куб

6 сом 66 тыйын

3

Анын ичинен кечедегу колонкадан суу алгандарга

1 адамга 1 айга

10 сом

4

Короосунан суу

1 адамга 1 айга

20 сом

 

алгандарга

1 адамга бир жылга

240 сом

5

Суу туташтыруу акысы

абонентке 1 жолу

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алып, Нарын облусттук монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органы менен тарифтик бааларды макулдашып бекитип алуу жагы “ Алтын-Тастар булагы “ суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Исаковго милдеттендирилсин.

Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин

Төрага

А.Кадыракунов