Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 5
“Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары жөнүндө”
Акназаров айылдык Кеңешинин 31чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 14-февралындагы кезексиз 10- сессиясында айыл аймагында аз камсыз болгон үй-бүлолөрдүн кайрылууларын угуп ,талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин социалдык коргоо бөлүмүнөн 2215
статьясынан Маданият айылынын оор кырдаалдагы үй-бүлөсү Ж.Калдаевага
5000(беш миң), багар көрөрү жок Б.Чотоновго 5000(беш миң) сом акча каражаты
бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын алуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн соц.адиси Б.Акылбековага милдеттендирилсин.
3. Каржы бөлүмүнүн башчысы А.Кенебаева акча каражатын бөлүп берсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комиссиясынын төрагасы А.Момунтаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |