Редакцияот 18.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы

 

2018-жылдын 18-апрели № 90

Самаркандек айылынын Жаш-Тилек участкасынын Адилет көчөсүнө маркум Увайдуллаев Жыргалбектин атын ыйгаруу жөнүндө

Самаркандек айылынын Жаш-тилек участкасынын жашоочуларынын 2018-жылдын 6-апрелиндеги кайрылуу катынын, жыйындын протоколунун негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Самаркандек айылынын Жаш-тилек участкасынын жашоочуларынын 2018-жылдын 6-апрелиндеги Жаш-Тилек участкасынын Адилет көчөсүнө маркум Увайдуллаев Жыргалбектин атын ыйгаруу жөнүндөгү элдик жыйнынын протоколу колдоого алынсын.

2. Самаркандек айылынын Жаш-Тилек участкасынын Адилет көчөсүнө маркум Увайдуллаев Жыргалбектин ысмы ыйгарылсын.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук кеңешинен суралсын.

 

Төрага

Ө.Дыйканов