Редакцияот 15.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын кезексиз IX сессиясы 

2017-жылдын 06-декабры № 27

“Айгүл” балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун протоколун бекитүү, 3 сааттык даярдоо тайпасын ачууга макулдук берүү жөнүндө”

Катран айыл аймагындагы “Айгүл” балдар бакчасында 2017-жылдын 4-сентябрында болгон ата-энелердин чогулушунун протоколун карап жана талкуулап Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ата-энелер чогулушунун протоколу бекитилсин жана 3 сааттык даярдоо тайпасын ачууга макулдук берилсин.

2. “Айгүл” балдар бакчасында баланын саны көп болгондугуна байланыштуу кошумча 3 сааттык даярдоо тайпасын ачуу жагы Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Кызматкерлердин эмгек акысын чечип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Лейлек башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага

Бөрүбаев С.Ж.