Редакцияот 04.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 04-апрели № 4

Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн салыктын тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кенештин тѳрагасы И.Мукамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгекчил айылынын тургундарына тазалык салыгы үчүн тариф 10 (он)сомдон болуп бекитилсин.

2. Жер үлүштѳрүнүн сугат аянтына 1 (бир) гектарына 101,30 (бир жүз бир сом,отуз тыйын) жана кайрак аянтына 1 (бир) гектарына 28,10 (жыйырма сегиз сом он тыйын) болуп бекитилсин.

3. Короо жай участогуна тѳлѳнүүчү салыктын баасы сотыхына 10 (он) сом болуп бекитилсин.

 

Төрага

И.Муканбетов