Редакцияот 24.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

25-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

2018-жылдын 24-февралы №9

 Покровка айылынын тургуну Н.О.Бердигулованын 30-м.кв жер тилкесин ижарага берүү боюнча кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын Ажыбек Датка көчөсүндө жайгашкан “Алмаз” кафесинин күн чыгыш бетинде жайгашкан 30-м кв жер тилкесин ижарага берүү боюнча Покровка айылынын тургуну Н.О.Бердигулованын кайрылуусу канаттандырылсын.

2. Покровка айылынын Ажыбек Датка көчөсүндө жайгашкан “Алмаз” кафесинин күн чыгыш бетинде жайгашкан 30-м кв жер тилкеси ижарага берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба тармагы боюнча комиссиянын төрагасы Ч.Т.Курманбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

М.Т.Садыков