Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезектеги XIV- сессиясы
2017-жылдын 1-декабры № 82 /14-7
Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук мектебинин имаратына жылуулук системасын орнотуу боюнча жалпы суммасы 3 220264 сомдук долбоорго өздүк салым катары 644052,8 сом акча каражатын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.11.2017-жылдын № 01-4/1487 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын № 11 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук мектебинин имаратына жылуулук системасын орнотуу боюнча жалпы суммасы 3 220264 сомдук долбоорго өздүк салым катары 644052,8 сом акча каражатын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |