Редакцияот 19.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧҮЙ ОБЛАСТЫ ЫСЫК-АТА РАЙОНУ НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН КЕНЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 19-январы № 7/II-27

“Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысын бекитүү жөнүндө»

 

Ново-Покровка айыл аймагынын участкалык ветеринардык дарыгер Ж.А.Жамангуловдун “Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысын: белгилерге - 40 сом, тейлегени үчүн 30 сом, бардыгы – 70 сом ар бир ири мүйүздү малга» жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ново-Покровка айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин: ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысы: белгилерге - 40 сом,тейлегени үчүн 30 сом, бардыгы - 70 сом ири мүйүздү малдын ар бир башына ;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ново-Покровка айыл аймагынын участкалык ветеринардык дарыгери Ж.А.Жамангуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдыкеримов Э.М