Редакцияот 15.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 15-февралы № 2

Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык кошумча кызмат көрсөтү тизмесин бекитүү

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3 июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Красный Восток айыл аймагынын социалдык коргоо адиси Р.У.Ажыматованын маалыматын угуп, Красный Восток айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүү тизмеси бекитилсин (эки барактан, 9 пунктан турат).

2. Кабыл алынган токтом Красный Восток айыл амагынын сайтында жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, социалдык суроолор боюнча айылдык Кеңештин комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Закиров