КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № 36/ VII –27
2017-жылдын 23-июнундагы катуу шамалдын кесепетинен үйүнүн чатырынын шиферлерин учуруп кеткен Буденовка айылынын тургуну, 1-топтогу майып Кресс Николайга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкулов тарабынан Буденовка айылынын тургуну, көрүү жагынан 1-топтогу майып Кресс Николайга 2017-жылдын 23-июнундагы катуу шамалдын кесепетинен чатырынын шиферлерин учуруп кеткендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн бюджетинен материалдык жардам берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буденовка айылынын Панфилов көчөсүнүн тургуну 1-топтогу майып Кресс Николайга 7500 (жети миң беш жүз) сом материалдык жардам катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |