Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI-чакырылышынын XХIII сессиясы

2015-жылдын 23-апрели № 6

Кызыл-Адыр айылынын түндүк-батыш тарабынан мал базар курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

 

(Кара-Буура айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-июнунндагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-статьясынын 1,2-пунктарына ылайык Кызыл-Адыр айылынын түндүк-батыш тарабынан мал базар курууга жер аянтын бөлүп берүү максатында Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн карамагындагы К 117-91,7 контурундагы жайыт жерден 7,0 га жер аянты мал базар ачуу үчүн бөлүнүп берилсин.

(Кара-Буура айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-июнунндагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков