Редакцияот 19.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 19-декабры № 53/ IX –27

Кочкорбаев айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Л. Суюнтбекованын сунуштаган Кочкорбаев айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата иш планын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкорбаев айылдык кеңешинин жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективдүү планы бекитилсин.

2. Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2018-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективалык планын көзөмөлдөө жана аткаруу айылдык кеңештин төрагасы А. Албекеновго жүктөлсүн.

3. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата аткаруучу иштеринин перспективалык планын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Керимкуловго жүктөлсүн.

Төрага

А. Албекенов