Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 18
Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетинин долбоорун карап чыгып, жайыт комитеттин бухгалтеринин айтылган маалыматын угуп жана талкууулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-жана 7-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын жоболоруна ылайык Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджети 160,0 миң сом суммада бекитилсин.
2. Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу үчүн акы жыйноону жана түшкөн кирешелерди рационалдуу колдонууну камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |