Редакцияот 27.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 27 -июну № 30/IV -27

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга болгон жергиликтүү бюджетинин божомолун колдоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодекс” мыйзамынын негизинде жана 2018-2020 жылдарга бюджеттин божомолун карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020 жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомолу:

     - 2018 жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 8030,8 миң сом;

     - 2019 жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча – 8107,1 миң сом;

     - 2020 жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча - 8138,3 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты колдоого алынсын.

2. Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-мартындагы № 23/Ш-27 “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2018-2020 жылдарга болгон жергиликтүү бюджетинин божомолун колдоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө –Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - М.С.Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев