Редакцияот 27.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017 -жылдын 27 -июну № 32/IV -27

К. Айдарбеков атындагы орто мектепти баланска алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2 пунктуна жана 5-беренесине ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Айдарбеков атындагы орто мектептин имараты 1 832 000 сом өлчөмүндөгү баасы менен Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2. Узун-кыр айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Чокошовго К.Айдарбеков атындагы орто мектебинин имаратынын муниципалдык менчикке болгон укугун Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында бекитилген мыйзам чегинде каттоо милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө –Узун-Кыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - М.С.Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.А. Малабаев