Редакцияот 24.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 24-январы № 55/У111-27

Мугалимдерге жана мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлерине жол кире төлөп берүү жөнүндө

 

“Мугалимдерге жана мектепке чейинки мекемелердин кызмакерлерине жол кире төлөп берүү” жөнүндөгу маселени карап чыгып жана алардын жумушка келүү үчүн коомдук транспортту колдонууга аргасыз экендигин эске алып

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Мугалимдерге жана мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлерине 50 % пайыз коомдук транспорттук жол кире төлөнүп берилсин

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм тарабынан токтомдун негизинде жол кире төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Суваналиев